Онлайн окутуу мезгилинде студенттердин билимин компьютердик программа менен текшерүү текшерүү

Бул материалда аралыктан окутуу мезгилинде студенттердин билимин компьютердик программа менен текшерүү жолу каралды

Содержимое разработки

УДК:37.018.43

Ураимхалилова А., Эрматали уулу Б.

п.и.к, доцент, жогорку математика жана математиканы окутуунун

технологиялары кафедрасы,

Б.Осмонов атындагы ЖАМУ., Кыргызстан, Жалал-Абад ш., Ленин к. 57

магистрант, жогорку математика жана математиканы окутуунун

технологиялары кафедрасы,

Б.Осмонов атындагы ЖАМУ., Кыргызстан, Жалал-Абад ш., Ленин к. 57

ermatalievbayaman@gmail.com

Ураимхалилова А., Эрматали уулу Б.

к.п.н, доцент, кафедра высшей математики и технологии обучения математики,

ЖАГУ им. Б.Осмонова, Кыргызстан, г.Джалал-Абад, ул. Ленина 57.

магистрант, кафедра высшей математики и технологии обучения математики,

ЖАГУ им. Б.Осмонова, Кыргызстан, г.Джалал-Абад, ул. Ленина 57.

[email protected]

Uraimhalilova A., Ermatali uulu B.

c.p.s., docent, Department of Higer mathematics and Technology of teaching mathematics,

JASU named after B.Osmonov, Kyrgyzstan, Jalal-Abad, Lenin street 57.

master student, Department of Higer mathematics and Technology of teaching mathematics,

JASU named after B.Osmonov, Kyrgyzstan, Jalal-Abad, Lenin street 57.

ermatalievbayaman@gmail.com


ОНЛАЙН ОКУТУУ УЧУРУНДА СТУДЕНТТЕРДИН БИЛИМДЕРИН GOOGLE FORMS ПРОГРАММАСЫНЫН ЖАРДАМЫНДА ТЕКШЕРҮҮ (МАТЕМАТИКА САБАГЫНЫНЫН МИСАЛЫНДА)

КОНТРОЛЬ ЗНАНИЙ СТУДЕНТОВ С ПОМОЩЬЮ GOOGLE FORMS В ПРОЦЕССЕ ОНЛАЙН ОБУЧЕНИЯ (НА ПРИМЕРАХ МАТЕМАТИКИ)

MONITORING STUDENTS KNOWLEDGE USING GOOGLE FORMS IN THE PROCESS OF ONLINE LEARNING (BY EXAMPLES OF MATHEMATICS)


Аннотация: бул макалада математика сабагында студенттердин билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн текшерүү боюнча түшүнүктөр жана аралыктан окутуу мезгилинде google forms  программасынын жардамында студенттердин билимин тест түрүндө текшерүү боюнча маалыматтар, программанын артыкчылыктары, кемчиликтери жана колдонуу мисалдары каралды.

Түйүндүү сөздөр: аралыктан окутуу, студент, текшерүү, тест, тесттин түрлөрү, текшерүүнүн функциялары, google forms программасы, тиркеме, функция, вариант, электрондук каражаттар, компьютердик программалар ж.б.

Аннотация: в статье рассматриваются понятия про контроль знаний, умений и навыков студентов на занятиях математики, информации по контролю знаний студентов с помощью программы google forms во время дистанционного обучения, примеры преимущества, недостатков и применения программы.

Ключевые слова: Дистанционное обучение, студент, контроль, тест, виды тестов, функции контроля, программа google forms, приложение, вариант, электронные средства, компьютерные программы и.д.

Abstract: the article discusses the concepts of monitoring knowledge, skills and abilities of students in mathematics classes, information on monitoring students’ knowledge using the google forms program during distance learning, examples advantages, disadvantages and applications of the program.

Key words: distance learning, student, control, test, types of tests, control functions, google forms program, application, option, electronic means, computer programs etc.

Студенттердин окуу иш-аракеттеринин натыйжалуулугун диагностикалоочу негизги курал катарында иш алып баруу, билим берүү процессинде бир катар башка ар кандай функцияларды аткарат:

  • Дидактикалык (окутуучу) функциясы;

  • Түзөтүүчү функциясы;

  • Түрткү берүүчү, багыт берүүчү функция;

  • Өнүгүү функциясы;

  • Тарбиялоо функциясы ;

Окутуунун натыйжаларын контролдоонун негизги талаптарын, ошондой эле анын жетектөөчү функцияларын ишке ашыруунун шарты студенттердин билимин, билгичтигин жана көндүмүн текшерүүнүн ар кандай түрлөрүн колдонуу болуп саналат. Адатта, контролдун төмөнкү түрлөрү айырмаланат:

  • Алдын-ала көзөмөлдөө

  • Учурдагы көзөмөл

  • Мезгилдүү көзөмөл

  • Калдык билимдин контролдук тилкеси

  • Комплекстүү текшерүү

  • Билимди рейтингдик контролдоо

Жогоруда аталган көзөмөлдүн бардык түрлөрү билимди, билгичтикти жана көндүмдөрдү текшерүүнүн ар кандай формаларын жана ыкмаларын колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн:

  • Оозеки текшерүү:

  • Жеке сурамжылоо

  • Фронталдык сурамжылоо

  • Жазуу жүзүндө текшерүү

  • Практикалык текшерүү

  • Программаланган сурак

  • Текшерүүнүн аралаш формасы

Ошентип, окутуунун натыйжаларын диагностикалоонун эффективдүүлүгү окутуучунун контролдоонун бардык түрлөрүн, формаларын жана методдорун ар тараптуу колдонуусу менен камсыздалат. Жогоруда айтылгандардан тышкары, булар: тесттик тапшырмалар жана контроль, сурамжылоо, диктанттар, экспресс-сурамжылоо, кроссворддор, ребустар, чарелер, өз ара сурамжылоо, конкурстар, викториналар, чыгармачыл чыгармалар, контрольдук иштер, рефереттар, эсселер, тесттер ж.б. , .

Азыркы учурда билим берүү тармагында да жаңы маалымат технологиялары кеңири колдонулуп жатат. Мисалга алсак, Кыргыз Республикасындагы көпчүлүк ЖОЖдордо атайын электрондук билим берүү порталдары колдонулуп жатат. Мындан башка билим берүүчү мекемелерде да санариптештирүү күч алып жаткандыгын көрүүгө болот.

Кыргызстандагы ЖОЖдордо аралыктан окутуу мезгилинде студенттердин билимин текшерүүнүн түрлөрүнүн ичинен тест аркылуу текшерүү кеңири колдонулуп жатат.

Студенттердин билимдерин, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн аныктоо жана алардын деңгээлин баалоо текшерүү деп аталат. Текшерүүнүн негизги дидактикалык максаты окутуучу менен студенттердин ортосундагы кайтарым байланышты түзүү, студенттердин билиминдеги жетишкен жана жетишпеген жактарын аныктоо .

Тест эки түргө бөлүнөт. Тесттин биринчи түрү керектүү материалды эске түшүрүп аны толуктоого берилет. Экинчи түрү жоопторду тандоого карата берилет.Тесттин биринчи түрүндө берилген сүйлөмдөрдөгү же мисал жана маселелердеги калтырылган жерлерин толуктоо. Бул жумушчу дептерлерди түзүүдө пайдаланылат.

Экинчи тандоого карата берилген тесттер төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт: альтернативдик, туура келүүчүлүк боюнча тандоо жана көптүктө тандоо.

Альтернативдик тест - бул берилген тапшырмалардагы эки жооптун бирөөнү тандоо.

Туура келүүчүлүк боюнча тандоо тестинде бир нече көнүгүүлөр жана алардын туура бир нече жооптору берилет. Ал көнүгүүлөрдү окуучу чыгарып, берилген жоопторду тандайт жана табат.

Көптүктө тандоо тестинде бир гана көнүгүү жана ал көнүгүүнүн бир нече жооптору берилет. Арасында бир туура жооп, калган жооптор окуучулардын эсептөө учурунда, же теорияны билбестиктен кетирген, же байкабастан кетирүүгө мүмкүн болгон каталардын болушунун ыктымалдуулугуна карата туура эмес болот .

Аралыктан окутуу мезгилинде студенттердин билимдерин текшерүүнүн жолдорунун бири бул - компьютердин жардамы менен текшерүү.

Компьютердик текшерүүдө эң көп колдонулган программалардын ичинен Google Forms  программасын атоого болот .

Google компаниясынын аралыктан окутуу үчүн сунуштаган өндүрүмү — Google Classroom жана Google Forms программалары. Google Forms программасынын негизги максаты:

  • анкеталарды түзүү жана бөлүшүү;

  • билимдерди текшерүү тесттин түзүү;

  • сурамжылоо өткөрүп, адамдардын ой-пикирин жыйноо;

  • сурамжылоо жыйынтыктарын анализдөө;

Ал эми студенттердин билимин баалоо — бул Google Forms үчүн кошумча бир мүмкүнчүлүк.

Программанын интерфейс дизайны төмөнкүдөй функциялардан түзүлгөн

(сүрөт 1.).


сүрөт 1.

  1. Ички дизайны;

  2. Алдын ала даярдалган тести көрүү;

  3. Оңдоо;

  4. Жөнөтүү бөлүгү;

  5. Форма менен болгон кошумча иш аракеттер.

Суроо түзүү бөлүгүндө төмөнкүдөй функциялар камтылган (сүрөт 2).

  1. Суроо кошуу;

  2. Суроолорду импортто;

  3. Суроонун аталышын жазуу;

  4. Суроого тиешелүү болгон сүрөт кошуу;

  5. Суроого тиешелүү болгон видео кошуу;

  6. Тесттин суроолорун атайын бөлүмдөргө бөлүү;

  7. Түзүлгөн суроону көчүрүп алуу;

  8. Суроону өчүрүү;

  9.  Сөзсүз жооп берүү керек же керек эместигин белгилөө функциясы.


сүрөт 2.


Google Forms программасынын жардамы менен суроолордун төмөнкүдөй түрлөрүн киргизүүгө болот:

  • Бир нече варианттын арасынан бир туура жооп тандоо;

  • Бир нече варианттын арасынан бирден көп туура жооп тандоо

  • Кыска жооп жазууну талап кылуучу суроо түрү;

  • Узун текст жазууну талап кылуучу суроо түрү;

  • Сызыктуу шкала түрүндөгү суроо түрү (Linear Scale);

  • Аныктамалар менен түшүнүктөрдү дал келтирүү суроолору;

Суроого тиешелүү болгон сүрөттөрдү кошуу менен берилүүчү суроонун студенттер үчүн жеткиликтүү жана билимдерин жеткиликтүү текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт (сүрөт 3).

Суроолорду түзүү учурунда ар бир берилген суроонун деңгээлине жараша баллдарды да берүүгө болот. Жыйнтыгын көргөн учурда автоматтык түрдө баллдары да кошо эсептелип чыгат.

Программанын эң негизги артыкчылыгы катары төмөнкүлөрдү атоого болот.

  • Колдонуучулар үчүн жеңил;

  • Жеткиликтүү;

  • Сырткы көрүнүшүн, жекече өзгөртүүгө ыңгайлуу;

  • Пайдалануу үчүн акысыз;

  • Пайдалануу үчүн мобилдүү; 

  • Коопсуздук мүмкүнчүлүктөрү кеңири каралган.


Сүрөт 3.

Даяр болгон тестти студенттерге төмөнкүдөй

жолдор менен жиберүүгө болот (сүрөт 4).

  1. Студенттин электрондук дарегине;

  2. Шилтемени көчүрүп, тиешелүү маалымат

алмашуучу тиркемелерге жиберүү;

  1. HTML-кодун жиберүү;

Сүрөт 4.

Студенттер тарабынан тапшырылган тесттин жоопторун диаграмма, таблица түрүндө көрө алабыз. Мындан сырткары тесттин жыйынтыгын студенттер, башка адамдар менен да бөлүшүүгө болот (сүрөт 5, а), б), в), г)).

сүрөт 5, а)


б)

в)

г)

Программанын артыкчылыгы менен катар кемчилигин да атоого болот .

  • Студенттердин алган билимин баалоо максатында сыноо узактан өткөрүлүп жаткан учурда, окуучу өзүнө таандык сыр сөздү башка адам менен бөлүшүп, өзүнүн ордуна башка адамды сыноого катыштыруу ыктымалдуулугу бар.

  • Айрым так илимдерге тиешелүү болгон фомулаларды жазуу үчүн формула функциясы жеткиликтүү эмес (формулаларды жазуу үчүн толуктоо бөлүгүнөн тиркеме орнотуу керек).

  • Андан тышкары, узактан өткөрүлүүчү сыноо учурунда студент башка терезе ачып алып, же мобилдик аспаптарды колдонуп, ачык булактардан жооп издеши же башка окуучулардан жардам алышы ыктымал (эгерде окуучулардын башка терезеге кайрылуусун көзөмөлдөө же башка терезеге кайрылууга тыюу салуу мүмкүнчүлүгүн алуу үчүн Google Chromebook аттуу аспаптарды колдонуу керек).







Колдонулган адабияттар:

    1. Төрөгелдиева К.М. Математиканы окутуу теориясы жана методикасы: (I бөлүк). –Б.:2014.-271 б.

    2. https://www.ispring.ru/elearning-insights/moodle

    3. https://edu.gcfglobal.org/en/tr_ky-google-tips/-google-forms/1/

    4. https://kutbilim.kg/news/inner/distanttyk-okutuu-moodle-zhana-google-forms-programmalaryn-koldonuu-ky/

    5. Бережная И.А. Оценка знаний как элемент стратегии профессионального

образования // Специалист. 1997. № 1.

    1. Кузнецова Л.М. Оценка знаний студентов // Специалист. 1997. № 5.





Рецензент: ф.-м.и.к., доцент Пирматов А.

Сохранить у себя:
Онлайн окутуу мезгилинде студенттердин билимин компьютердик программа менен текшерүү текшерүү

Получите свидетельство о публикации сразу после загрузки работы



Получите бесплатно свидетельство о публикации сразу после добавления разработки