№ 1
№ 93 орто мектеби
Маалымат топтоп, изилдөө долбоору
Окуучулардын изилдөөчү долбоор кароо сынагына катышууга арналган;
Долбоордун темасы
«Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары»
Долбоорду даярдагандар:
9-класстын окуучулары
Долбоорду жактагандар
Анаркулов Акылбек 9-класс
Бактияр уулу Абай 9-класс
Жетекчиси
Темиралиева Анара
Долбоордун кыскача аннотациясы
- Инсандын тарыхтагы орду, ролу жөнүндөгү суроо тарых менен кошо пайда болгон десек жаңылышпайбыз. Бул суроо ушул күндөрү дагы тарыхчыларды дагы, жөнөкөй адамдарды да кызыктырып келет. Биз үчүн бул суроо эки себеп менен маанилүү: жөнөкөй инсан тарыхтын жүрүшүнө түрткү бере алабы, анын кадамын башка тарапка бура алабы, б.а. өзгөртө алабы же инсандын кадамы башынан эле тарыхтын жалпы кадамы менен шартталганбы?
- Инсандын мисалында адам тарыхтын жүрүшүнө, өлкөнүн, жалпы элдин келечегине кандай таасир берээрин айкындайбыз. Долбоордо иштөө жекече жана топтук жалпы чыгармачылык ишти талап кылат. Долбоордун жыйынтыгы болуп Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандык баатырларга арналган электрондук журналды түзүү эсептелет.
Долбоордун паспорту
1 . Долбоор чечүүгө жардам берүүчү маселе:
- Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары жөнүндө маалыматтар өтө көп. Ошол материалдарды топтоп, иретке келтирип, окуучу пайдаланганга ылайыктоо;
- Материалдын көбү орус тилинде, кыргызча материалдарды көбөйтүү;
2. Долбоордун максаты жана маселелери:
- «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү;
- Инсандуулукка, мекенчилдикке, өткөн окуяларга баа берип, талдоого чакыруу;
- Изилдөө иштерине кызыккан, жөндөмдүү, чыгармачыл окуучулардын ишин колдоо;
3 . Долбоордун дидактикалык максаты жана усулдук милдеттери:
- Ар типтеги булактар менен иштөөнү үйрөнүү;
- Командада иштөөгө үйрөнүү;
- Окуу долбоорунун үстүндө иштөө тажрыйбасына ээ болуу;
4. Долбоордо иштөө үчүн керек билим, ык, көндүмдөр:
- ПК да иштөө көндүмү;
- Маалыматтар менен иштешүү көндүмдөрү (издөө, иргөө, жалпылоо, көргөзүү);
- Социалдык түйүндөрдө аккаунт түзө билүү;
5. Долбоорду багытточу суроолор:
- Негизги суроо:
- Инсан тарыхты жарата алабы?
2. Маселелик суроо:
- Терс каарман да инсан боло алабы?
3. Билим алуучу суроолор:
- Инсандык сапаттар тарыхтын жүрүшүнө кандай таасир тийгизе алат?
- Адам айланадагыларга жана өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир берет?
- Адамдын даңкталышына эмнелер кирет?
- Мен тарыхты жасай аламбы?
6. Долбоордун мөөнөтү:
- 2020-жыл февраль-май айлары
7. Күтүлүүчү жыйынтык
- Улуу Ата Мекендик согуштагы Кыргызстандык 76 Советтер Союзунун Баатырынын өмүр-таржымалын, тарыхый окуялардагы ордун белгилөө менен, тарыхка тийгизген таасирин көргөзүүчү электрондук материалды даярдоо
Мазмуну:
- Кириш сөз
- Чолпонбай Түлөбердев
- Дүйшөнкул Шопоков
- Даир Асанов
- Асанбек Оторбаев
- Жумаш Асаналиев
- Исмаилбек Таранчиев
- Евгения Пасько
- Советтер Союзунун Баатырлары
- Жыйынтык сөз
- Колдонулган адабияттар жана булактар
Кириш сөз
- Адам тарыхка таасир гана бербейт, ал анын жаратуучусу. Адамзат тарыхы кандайдыр бир тышкы күчтөрдүн негизинде пайда болбойт, ал адам иш-аракетинин натыйжасы. Ошондуктан, адам өз аракетине толук жооп берип, анын жыйынтыгына жооп бериш керек, анткени айлана-чөйрө толугу менен ага көз каранды. Бирок бардыгы бизден көз каранды болсо дагы, кээ бир нерсе биздин колубуздан келбесин дагы унутпашыбыз керек. Мындай болушу мүмкүн да: адамдар коюлган тапшырманы аткара албай калдык, ал тарыхый мааниси зор маселе болсо да, бирок жыйынтыгы баары бир биз жасаган нерсе келип чыкты да... натыйжада тарыхты дагы эле биз жараттыкпы?
- Ошентип, адам сөзсүз тарыхтын жүрүшүнө таасир берүү менен анын жаратуучусу болуп эсептелет. Ушул сыяктуу эле кандайдыр бир конкреттүү инсан дагы окуянын жүрүшүнө зор таасир бере алат. Өзгөчө мисал кылып Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилиндеги баатырлардын эрдиктерин айта алабыз.
- Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Советтер Союзунун фашист-тик Германиянын үстүнөн болгон Улуу Жеңишине 75 жыл толот. Жеңиштин өзү-бул тарыхтагы улуу бурулуш экени белгилүү. А Жеңишти адамдар алып келди да. Советтер Союзу-нун катарындагы Кыргызстаныбыздын жарандары да бул согуштун жеңүүчүлөрү болушкан. Ошондуктан, биз алдыбызга ошол аталарыбыздын өмүр-таржымалын чогултсак деген максатты коюп отурабыз. Ооба алар жөнүндө материалдар интернет булактарында өтө көп, бирок чар-жайыт, кыска жана көпчүлүгү орус тилинде.
- 2020-жыл өлкөбүздө “Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү сана-риптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыяланганда биздин долбоордук иш бардык тараптан актуалдуу деп ойлойбуз. Кыргызстандык 76 Советтер Союзунун Баатырын бир каталогго чогултуу-окуучулардын мекенчилдик сезимдерин өнүктүрүүдө зор роль ойноору шексиз. Ал эми интернет көп тарала элек айыл жеринде мындай электрондук журналдын кыргыз тилинде пайда болушу окуучуларга да, мугалим эже-агайларга да эң чоң жардам.
Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары
Чолпонбай Түлөбердиев
- Жашоо жылдары:
13.04.1922-6.08.1942-жылдар
- Туулган жери: Чымкент айылы,Талас областы
- Курман болгон жери: Селявное селосу, Лискин р-ну, Воронеж областы
- Сөөгү коюлган жер: Селявное селосу, Лискин р-ну, Воронеж областы
- Жарандык: СССР
- Аскер түрү: Жөө аскер
- Кызмат өтөгөн жылдар 1941—1942
- Наамы: катардагы жоокер
- Катышкан салгылаштар:Улуу Ата Мекендик согуш
Чолпонбайдын эрдиги-каармандыктын, аскердик намыстын жана Ата Мекенге болгон чексиз сүйүүнүн символу
- 13-апрель 1922- жылы төрөлгөн. 7-классты аяктагандан кийин колхоздо иштеген. Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы чакырылган. Воронеж фронтунун 6-армиясынын 636-аткыч-тар дивизиясынын аткычы Ч.Түлөбердиев 6-август 1942-жы-лы душмандын бийик жерде жайгашкан «жыгач жана жер менен бекемделген ок атуучу» (ДЗОТ) жайын талкалап, аны ээлөө учурунда курман болгон.
- 6-августта 11 жоокерден турган ыктыярдуулар Дон дарыясын сүзүп өтүшкөн. Жээкке чыккандан кийин, ачык жерден ок атылган точкага 30 метрдей калганда, андан ары жыла албай калышкан. Алардын арасынан жалгыз Чолпонбай 4-5 метрге чейин жакындай алган. Бардык ок-дарыларын түгөткөн соң, жарадар болгон жоокер амбразуранын үстүнө боюн таштап, пулемёт үнүн бир нече секундаларга токтото алган. Ушул кыска секунддар, анын жолдошторуна жетиштүү болуп, стратегиялык жактан маанилүү болгон плацдармды ээлей алышкан жана Кызыл Армиянын чабуулуна жол ачылган.
- 10-августта жоокердин командири ага лейтенант Даниелян жана политрук Коблев Ч.Түлөбердиевди Советтер Союзунун Баатылыгына көргөзүшкөн. 18-августта 1942-жылы фронттук кабарчы Мурадян «Боевая тревога» газетасына Чолпонбайдын эрдигин жазган, ал эми 1952-жылы Чолпонбай Түлөбердиев жөнүндө повестин жарыялаган.
Баатырдын сыйлыктары
1943-жылы 4-февралда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Ч.Түлөбердиевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. Ленин ордени менен сыйланган
- Советтер Союзунун Баатыры — «Алтын Жылдыз» медалы
- Ленин ордени
Чолпонбай Түлөбердиевге эстелик коюлган шаарлар
- Бишкек шаары
- Воронеж областы Лиски шаары (бюст)
- Воронеж областы Селявное селосу
- Воронеж областы Киров селосу
- Туулган айылы анын атына которулган (Чымкент-Чолпонбай)
- Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бири
- Селявное айылындагы мектептин аты
- Давыдовка селосундагы мектеп
- Нововоронеждеги №2 орто мектеп
- Лиски шаарындагы көчө
- Кара Көл шаарындагы 2 мектеп
Чолпонбайдын эрдигин Улуу Ата Мекендик согушта 400 киши жасаган
- Бул эрдик бүгүнкү күндө да көп суроолорду пайда кылат. Алар: Кереги бар беле? Канчалык деңгээлде жана көп өмүрдү сактай алдыбы?
- Кандай болгон күндө да биз үчүн бул эрдик-каармандыктын, патриоттуулуктун үлгүсү, же жөн эле айтканда тарых экенин унутпайлы. Тарыхты адам жасайт. Ал эми анын арасынан чыныгы инсандар жалпы адамзат үчүн өз өмүрлөрүн аябай курмандыкка чалышкан. Алардын өмүрлөрүн биз, урпактар, текке кетти деп айтууга эч кандай акыбыз жок. Анткени алардын өмүрлөрү биздин бүгүнкү жарык жашообузду жана кең келечегибизди камсыз кылган.
- Алар: 1941-жыл 24-августта танкалык ротанын саясий жетекчиси Александр Панкратов душмандын амбразурасын көкүрөгү менен жапкан биринчи жоокер болгон. Бул окуя Новгород шаарына кире бериште болгон.
- Акыркы болуп мындай эрдик 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө 1945-жылы 18-августта түндүк Куриль аралдарынын бири Шумшу аралында 1-статьясынын старшинасы Николай Вилков жана матрос Пётр Ильичёвдор өз денелери менен япондук дзоттун амбразурасын жаап, аркадагы жоокерлерге жол ачышкан.
- Я.Падерин, И.С.Герасименко, А.С.Красилов, Л.А.Черемнов, А.И.Левин, А.Матро-сов, В.Ермак, Г.Г. Гафиатуллин, А. И. Волков, А.Ф. Типанов, М. Х.Губайдуллин, Д.Ушков, М. Белуш В. П. Газин, Г.Асадов, И.Романович- Бумагин, И.К. Скуридин… Бул инсандар ал 400 кишинин азы гана. Бирок 400 кишинин баары тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды.
Дүйшөнкул Шопоков
- Жашоо жылдары
19.05.1915-16.11.1941-жылдар
- Туулган жери: Шалта айылы, Чүй областы
- Курман болгон жери: Дубосеково разъезди, Волокаламск району, Москва району
- Сөөгү коюлган жер: Дубосеково разъезди, Волокаламск району, Москва району
- Жарандык: СССР
- Аскер түрү: жөө аскер
- Кызмат өтөгөн жылдар 1941-ж.
- Наамы: катардагы жоокер
- Катышкан салгылаштар:Улуу Ата Мекендик согуш
Баатырдын баатыр жубайы
- Кедей дыйкан үй бүлөсүндө төрөлгөн. Бир жашынан атасынан ажырап, 13 жашынан баштап таекесини Сарындын колунда тарбияланган
- Башталгыч классты аяктаган соң, колхоздо тракторист болуп иштеген. 1930-жылдардын башында Керимбүбү Шопокова менен баш кошкон.
- Коммунисттик партиянын 1939-жылдан баштап мүчөсү
- Жубайы Керимбүбү Шопокова дагы ошол колхоздо кызылча талаасында иштеген.
- Согуш башталгандан кийин ал колхоздогу кызылчачылар звеносун жетектеп, эмгектин өндүрүмдүүлүгү боюнча эң чоң көрсөткүчтөрдү бере алган. Ал эмгеги үчүн Керимбүбү Шопокова Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наамды алып, «Орок жана Балка» Алтын Жылдызы жана Ленин ордени менен сыйланган.
- Керимбүбү Шопокова согуш мезгилинде эвакуацияланган балдарды баккан.
Муну мындай таштайлы, 28 баатырдын эрдигинен баштайлы
- 1941-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылган. Фронтто Казакстан жана Орто Азиядан барган И.В.Панфилов командалык кылган 316-аткычтар дивизиясынын составында 1941-жылдын сентябрында Москваны коргоого киришкен
- 1941-жылдын 16-ноябрында Волокаламск шоссесинин Дубосеково бөлүгүндө танктарды жок кылуучу бөлүктө душмандардын көптөгөн танкалык чабуулун кайтарган. 18 танк жок кылынган. Бул эрдик тарыхта 28 баатырдын эрдиги катары тарых барактарына жазылып калган.
- Бул салгылаш жөнүндө 1075- полктун аскер комиссары Мухамедьяровдун жеткизүүсү боюнча: «Кызыл армиячы Шопоков биринчилерден болуп, немецтердин чабуулуна кабылган. Фашисттер Шопоковду курчап, багынууну талап кылганда, ал 2 фашистти атып, үчүнчүсүнүн огунан өзү курман болгон.»
Баатырдын сыйлыктары
1942-жылы 21-июлда СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Дүйшөнкул Шопоковго Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. «Алтын Жылдыз» медалы жана Ленин ордени менен сыйланган
- Советтер Союзунун Баатыры «Алтын Жылдыз» медалы
- Ленин ордени
Дүйшөнкул Шопоковго эстелик
- Шопоков шаарында эстелик
- Волокаламск шаары (бюст)
- Дүйшөнкул Шопоков атындагы оор танк курулуп, УАМ согушта колдонулган
- Кыргызстандын Таш Көмүр шаарынын, Жайыл, Сокулук жана Өзгөн районунун мектептери жана Кара Балта шаарынын жана Аламүдүн районунун көчөлөрү баатырдын атынан аталган
- Москвада Баатыр Панфиловчулар атындагы көчө бар
- Баатыр Панфиловчуларга арналган монумент Дубосеководо курулган
- Нелидово кыштагында Баатыр Панфиловчуларга арналган эстелик жана аларга арналган музей бар
- Алматы шаарында 28 баатыр панфиловчулар атындагы парк
- Москванын гимнинде 28 баатырга арналган саптар бар
- Жыл сайын Д.Шопоковдун атындагы эл аралык спорттук мелдеш өткөрүлөт
Дайыр Асанов
- Жашоо жылдары
30.05.1922-18.09.2009-жылдар
- Туулган жери: Нарын облусу, Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы
- Курман болгон жери:
- Сөөгү коюлган жер: Бишкек шаары
- Жарандык: СССР, Кыргыз Республикасы
- Аскер түрү: артиллерия
- Кызмат өтөгөн жылдар
1941-1945-ж.ж.
- Наамы: Генерал-майор
- Катышкан салгылаштар:Улуу Ата Мекендик согуш
Өмүр баяны
- 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы Пятницк кыштагы үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда немецтердин 8 танкасын, 6 бронетранспортёрун жок кылган. 1946-жылы Ульяновск танк окуу жайын, 1956-жылы В.И.Ленин атындагы Аскер саясий академиясын аяктаган. 1984-жылга чейин Фрунзе шаарынын Ленин районунун аскер комиссары болгон.
- 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы Пятницк кыштагы үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда немецтердин 8 танкасын, 6 бронетранспортёрун жок кылган. 1946-жылы Ульяновск танк окуу жайын, 1956-жылы В.И.Ленин атындагы Аскер саясий академиясын аяктаган. 1984-жылга чейин Фрунзе шаарынын Ленин районунун аскер комиссары болгон.
- 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы Пятницк кыштагы үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда немецтердин 8 танкасын, 6 бронетранспортёрун жок кылган. 1946-жылы Ульяновск танк окуу жайын, 1956-жылы В.И.Ленин атындагы Аскер саясий академиясын аяктаган. 1984-жылга чейин Фрунзе шаарынын Ленин районунун аскер комиссары болгон.
- 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан. 1943-жылы Пятницк кыштагы үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда немецтердин 8 танкасын, 6 бронетранспортёрун жок кылган. 1946-жылы Ульяновск танк окуу жайын, 1956-жылы В.И.Ленин атындагы Аскер саясий академиясын аяктаган. 1984-жылга чейин Фрунзе шаарынын Ленин районунун аскер комиссары болгон.
- 1941-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып,Улуу Ата Мекендик согушта Түштүк-Батыш, Дон, Сталинград, Талаа, 2-Украина фронтторунда салгылашкан.
- 1943-жылы Пятницк кыштагы үчүн салгылашта эрдик көрсөтүп, душмандын 3 жолку танка менен чабуулунун мизин кайтарууда немецтердин 8 танкасын, 6 бронетранспортёрун жок кылган.
- 1946-жылы Ульяновск танк окуу жайын, 1956-жылы В.И.Ленин атындагы Аскер саясий академиясын аяктаган.
- 1984-жылга чейин Фрунзе шаарынын Ленин районунун аскер комиссары болгон.
- 1985-жылы Ата Мекендик Согуш орденинин биринчи даражасы менен сыйланган.
- Генерал-майор. Кыргызстандын ветерандар советин башкарган.
- Өмүрүнүн аягына чейин жаш муунду тарбиялоодо катардан чыккан эмес
Баатырдын сыйлыктары
- «Алтын жылдыз» медалы. 26.10.1943-жыл
- Ленин ордени 26.10.1943-жыл
- Ата Мекендик согуштун I даражасынын эки ордени: 27.04.1943-жыл;06.04.1985-жыл
- «Ардак белгиси» ордени
- «Аскер жетишкендиги үчүн» үч медалы
- Баатырдын атын Бишкек шаарындагы Аскердик окуу жай жана Жениш паркы алып жүрөт.
Асанбек Оторбаев
- Жашоо жылдары
1925-31.01.1945-жж.
- Туулган жери: Талас областы Чат-Базар айылы.
- Курман болгон жери: Польша
- Сөөгү коюлган жер: Польша
- Жарандык: СССР
- Аскер түрү: жөө аскер
- Кызмат өтөгөн жылдар 1943-1945-ж.ж.
- Наамы: кенже сержант
- Катышкан салгылаштар:Улуу Ата Мекендик согуш
Баатыр баяны
- 1925-жылы Чат Базар айылында төрөлгөн. 7-классты бүткөндөн кийин колхоздо иштеген.
- 1943-жылы аскерге чакырылган
- 1945-жылга карата А.Оторбаев 59-армиянын 13-аткычтар дивизиясынын 296-аткычтар полкунун пулемётчиги болгон. Бир нече жолу жарадар болгон.
- 31-январда Одерди кечип өтүп, Вальдич пунктунда 5 немецтик чабуулду кайтарып, душмандын 25солдатын жана офицерин жок кылган. Алтынчы контрчабуулда эки граната менен артиллериялык самоходдук куралдын астына боюн урган.
- Өз өмүрү менен душмандын чабуулун токтоткон А.Оторбаевдин сөөгү Польшада Кендзежин-Козле шаарындагы көрүстөндө коюлган
Асанбек Оторбаев атындагы:
- Талас шаарында көчө
- Өзү туулган айылдагы көчө жана мектеп
- Талас областындагы бир нече мектеп
- Өзү туулган айылда бюст
- Өзү жашаган үй музейге айланган
- Жеңиштин 70 жылдыгына карата чыгарылган почта маркасы
Баатырдын сыйлыктары
1945-жылы10-апрелде СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Асанбек Оторбаевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. «Алтын Жылдыз» медалы жана Ленин ордени менен сыйланган. Ошондой эле Кызыл Жылдыз ордени менен «Каармандык үчүн» медалы баштаган бир топ медалдар менен да сыйланган
- Кызыл Жылдыз
ордени
- Советтер Союзунун Баатыры — «Алтын Жылдыз» медалы -
- Ленин ордени
- Каармандык үчүн
медалы
Жумаш Асаналиев
- Жашоо жылдары
10.05.1923-25.06.1944-жж.
- Туулган жери: Ысык Көл областы, Отуз уул айылы.
- Курман болгон жери: Белоруссия
- Сөөгү коюлган жер: Витебск областы, Бешенкович району
- Жарандык: СССР
- Аскер түрү: жөө аскер
- Кызмат өтөгөн жылдар
1942-1944-ж.ж.
- Наамы: гвардия ефрейтору
- Катышкан салгылаштар:Улуу Ата Мекендик согуш
Баатыр баяны
- Ат Башы районунун Пограничник айылында кедей дыйкандын үй бүлөсүндө туулган.
- Кызыл Армиянын катарына 1942-жылы чакырылган. 1943-жылдан баштап согушка катышкан. Курск алдындагы салгылашка катышкан.
- 1-Прибалтикалык фронтундагы 6-гвардиялык армия-нын 199-гвардиялык аткычтар полкунун пулемёт-чиги гвардия ефрейтор Асаналиев 1944-жылдын 24-июнунда биринчилерден болуп пулемету менен Ла-бейки кыштагынан Батыш Двина дарыясынан өткөн. Айыгышкан кармашта командири жарадар болуп, аны Асаналиев алмаштырган. Ок атуучу позицияны ээлегенден кийин Асаналиевдин бөлүгү душмандын тынбаган чабуулунун мизин кайтарып турган.
- 1944-жылы 25-июнда бөлүктүн бүт жоокерлери душмандын минасына жарылышат. Жалгыз калган Жумаш Асаналиев салгылашууну уланткан. Контр-чабуулга чыккан, гитлерчилерди жакын коё берип, 20дан ашыгын жок кылган. Ок түгөнгөндө, колго гранаталар тийген. Душман таптакыр жакын келген-де, багынууну каалабаган Жумаш акыркы граната менен өзүн жана ага жакын келген душмандарды жок кылган.
Баатырдын сыйлыктары
1945-жылы10-апрелде СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен Жумаш Асаналиевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. «Алтын Жылдыз» медалы жана Ленин ордени менен сыйланган.
- Советтер Союзунун Баатыры — «Алтын Жылдыз» медалы
- Ленин ордени
Жумаш Асаналиевге арналган эстеликтер
- Витебск областындагы Узречье кыштагында обелиск тургузулган
- Минск шаарында монумент тургузулган
- Минск шаарындагы көчө анын атын алып жүрөт
- Туулган айылындагы мектеп жана көчө
- Айылдагы үйдүн биринде мемориалдык такта орнотулган
Исмаилбек Таранчиев
- Жашоо жылдары
6.04.1923-18.03.1944-жж.
- Туулган жери: Чүй областы, Беш Күнгөй айылы
- Курман болгон жери: Синимяэ, Эстония
- Сөөгү коюлган жер: Эстония
- Жарандык: СССР
- Аскер түрү: авиация
- Кызмат өтөгөн жылдар
1941-1944-ж.ж.
- Наамы: кенже лейтенант
- Катышкан салгылаштар:Улуу Ата Мекендик согуш
Баатыр баяны
- Беш Күнгөй айылында кедей дыйкандын үй бүлөсүндө туулган. 8-классты аяктаган.
- Кызыл Армиянын катарына 1941-жылы чакырылган. 1943-жылы 3-Чкаловдук аскер авиациялык учкучтар мектебин аяктаган.
- Согушка 1944-жылдын январынан баштап кирген.
- 1944-жылдан баштап ВКП(б)нын мүчөсү.
- 1944-жылдын 26-февралында Тарту аэродромун штурмалоодо душмандын 3 самолетун өрттөгөн.
- 1944-жылы 18-мартта Ил-2 самолетунда 35 жолу учуп чыгып, душмандын объектилерин штурма-лаган. 4 самолёттон турган бөлүк менен кошулуп тапшырма аткарып жаткан учурда, Синимяэ ра-йонунда өзүнүн күйүп жаткан самолётун душ-мандын танкасы жайгашкан тарапка багыттаган.
- Таран учурунда Исмаил Таранчиев менен кошо анын аткычы Алексей Ткачёв дагы курман болгон.
Баатырдын сыйлыктары
- Ата Мекендик согуш орденинин I даражасы (29.04.1944-жыл)
Советтер Союзунун Баатыры — «Алтын Жылдыз» медалы (5.05.1991-жыл)
Кызыл Жылдыз ордени(22.02.1944-жыл)
«Ленинградды коргоо үчүн» медалы(15.01.1944-жыл)
Баатырды эскерүү
- Эстонияда самолёт кулаган жерде эстелик такта орнотулган.
- Исмаил Таранчиевдин атын Беш Күнгөй айылындагы көчө аталган.
- Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Исмаил Таранчиевге арналган почталык марка чыгарылган
- 2017-жылы декабрдан баштап Канттагы авиа базасынын самолёту Су-25 Исмаилбек Таранчиевдин наамын алып жүрөт
Евгения Пасько
- Жашоо жылдары
30.12.1919-27.01.2017-жж.
- Туулган жери: Ысык Көл областы, Липенка айылы
- Курман болгон жери:
- Сөөгү коюлган жер: Москва
- Жарандык: СССР, Россия Федерациясы
- Аскер түрү: авиация
- Кызмат өтөгөн жылдар
1941-1945-ж.ж.
- Наамы: гвардия капитан
- Бөлүм: 46-гвардиялык түнкү бомбардировкалык авиациялык полк
- Катышкан салгылаштар: Улуу Ата Мекендик согуш
Баатыр баяны
- Ысык Көлдө Липенка кыштагында кедей-дыйкандын үй бүлөсүндө төрөлгөн.
- 1938-жылы МГУнун механико-матемактикалык факультетине тапшырган.
- 4-курстан баштап өз ыктыяры менен согушка кеткен.
- Энгельс шаарындагы штурмандык курсту аяктагандан кийин, 1942-жылдын майынан согуштун аягына чейин 46-гвардиялык түнкү бомбардировкалык авиациялык полкто эскадрильянын штурманы болгон.
- 1943-жылдан баштап партиянын мүчөсү.
- 790 согуштук учууну жана 10 жолу атайын тапшырмалык учууларды жасаган. Бардыгы 1220 саат.
- Душмандын май куюлган 4 кампа, ок-дары сакталган 3 кампа, 3 прожектор, 2 кечүү, 11 авто-машина жана токтоп турган 1 самолёт, 157 катуу жардыруу, 109 өрт очогун жандыргандыгы такталган андан тышкары 2миллиондон ашкан баракчалар душмандын тылына ташталган.
- 1945-жылы гвардиялык ага лейтенант запаска бошотулган. Кийинчерээк ага «капитан» чини ыйгарылган.
- Окуусун аяктагандан кийин (1949-жыл) Москванын жогорку техникалык окуу жайында 33 жыл катары менен ага окутуучу болуп иштеген
Баатырдын сыйлыктары
- Ата Мекендик согуш орденинин I даражасы
Советтер Союзунун Баатыры — «Алтын Жылдыз» медалы (26.10.1944-жыл)
Ленин ордени
(26.10.1944-жыл)
Кызыл Жылдыз ордени
«Эл достугу» ордени
Евдокия Борисовна Паського көрсөтүлгөн урмат
Кара Кол шаарында Жеңиш паркында эстелик(бюст) орнотулган
Советтер Союзунун Баатырлары
Советтер Союзунун Баатырлары
Советтер Союзунун Баатырлары
Советтер Союзунун Баатырлары
Жыйынтык сөз
- Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши. Ал эми бул баатырлардын даңкы алыска мейкиндик боюнча да, мезгил боюнча да өчпөй келет. Алардын эрди-ги жалгыздап олтуруп, чогулганда бир толук цивилиза-цияны сактап калган. Аны менен бирге Ата Мекенибиз Кыргызстан да адамзат тарыхында түбөлүк сакталып калды.
- Ал эми терс мүнөздүү каарман жөнүндөгү оюбуз: Терс мүнөздүү каармандар да тарыхтын жүрүшүнө таасир берип, анын кадамын бурганга да мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени алардын иш-аракеттери коомдун өнүгүшүнө же артка кетүүсүнө, керек болсо анын талкалануусуна да шарт түзүп коёт. Мисалы ошол эле экинчи дүйнөлүк согуштун баштоочулары Гитлер жана анын командасы, согуштагы өз жанын сактап калуу үчүн аракеттенген генерал Власовго окшогон чыккынчылар...
- Инсандык сапаттар-бул адамдын тубаса жана кабыл алган мүнөзүнүн өзгөчөлүгү. Бул сапаттын базасында тырышчаактык, максаттуулук, өзүнө өзү ишенүүчүлүк, ишке болгон ийкемдүүлүк ж. 6. жакшы сапаттар пайда болот. Аталган сапаттарга жоопкерчиликтүүлүк жана милдеттүүлүк сезими калыптанат. Бул сапаттардын кээ бирлери коомдун таасири астында жашоо мезгилинде өзгөрүп кетет. Ошол эле мезгилде инсандык сапаттар анын жашоосуна да чоң таасир берет.
- Биз дагы өз тарыхыбызды жазабыз. Биз дагы өз мезгилибиздин тарыхына таасир берээрибиз шексиз. Анткени адам катары, инсан катары ар бирибиздин кадамыбыз тарыхтын таштак жолунда калууда. Анткени тарыхтын өзү-бул адамзат жолу эмеспи.
Колдонулган адабияттар, булактар жана шилтемелер
- Санников В.В., Семенков В.Н. «Герои Советского Союза-киргизтанцы». Фрунзе,1963.
- Герои Советского Союза: краткий биогр. словарь, Т.1.-Москва,1987.
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия. Башкы ред. Асанов Ү.А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, Бишкек.
- Интернет булактары:
- ГЕРОИ СОВЕТСКОГО СОЮЗА-КЫРГЫЗСТАНЦЫ
- Список Героев Советского Союза Киргизстана. Сайт «Герои страны».